• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте автоунаа көпүрөдөн кулап, оодарылып калган (видео)

Кырсык 0


Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. Бишкекте "Тойота Ипсум" үлгүсүндөгү унаа ЖЭБ жактагы жаңы көпүрөдөн кулап, оодарылып калган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 17-февралда саат 8:49 чамасында болгон.

"Тойота Ипсум" үлгүсүндөгү унаанын С. кызы Э., аттуу айдоочусу унаасы менен көпүрөдөн темир жолдун рельсине кулап кеткен. Видеодо байкалгандай унаа оодарылып калган.

Окуядан кийин унаанын айдоочусу №4 шаардык ооруканага жеткирилген.

Унаа айып короого киргизилген. Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий