• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте автоунаалар үчүн 18 жана жөө адамдар үчүн 7 жол чырак орнотулат. Тизме

Коом 0

Бишкек, 01.11.19. /Кабар/. Бишкектин көчөлөрүнө автоунаалар үчүн 18 жана жөө адамдар үчүн 7 жол чырак орнотулаарын шаардык мэриядан билдиришти.

Унаа үчүн 18 даана жол чырак төмөнкү көчөлөрдүн кесилишинде орнотулат:

·Ахунбаев-Куйручук;

·Токтогул-Раззаков;

·Малдыбаев-Суеркулов;

·Ж. Пудовкин-Саманчин;

·Щербаков-Орозбеков;

·Орозбеков-Саадаев;

·Сүйүнбаев-Токтогул;

·Токтогул-Гоголь;

·Токтогул-Шопоков;

·Ауэзов-Кольбаев;

·Москва-Тыныстанов;

·Дэн Сяопин-Кустанай;

·Профсоюз-Мессарош;

·М. Ганди-Можайск;

·Садыгалиев-Жамгырчинов;

·Тыналиев-Минжылкиев;

·Уметалиев-Фрунзе;

·Профсоюз-Кайназарова.

Ал эми жөө адамдар үчүн 7 жаңы жол чырак жакын арада төмөнкү тизме боюнча орнотулат:

·М. Ганди көчөсүндө, "ИСИТО" маңдайы;

·П. Лумумба жана Кубаныч көчөлөрүнүн кесилишинде;

·Масалиев жана Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде;

·Койбагаров жана Каралаев көчөлөрүнүн кесилишинде;

·Юнусалиева көчөлөрүндөгү "Мега-сити" турак жай комплексинин мандайы;

·7-апрель көчөлөрүндөгү «Улан-2» кичирайонунун маңдайы.

"Учурда “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы менен инженердик-техникалык шарттар даярдалды, келишимдер түзүлдү. Долбоордук сметалык документтештирүү боюнча жарыяланган тендерди “Архипринт” компаниясы утуп алды", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын корутундусуна ылайык, 2019-жылы сунушталган жол чырактардан тышкары 27 транспорттук жана жөө жүрүүчүлөр үчүн 32 жол чырак орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий