• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте автоунаанын айдоочусу кафени сүзүп алган. Сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 19.11.19. /Кабар/. Бишкектеги Раззаков менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде бүгүн саат 09:50лөр чамасында жол кырсыгы катталып, эки адам жабыркаган.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 41 жаштагы жаран башкарып келе жаткан “Тойота Ист” унаасы “Тойота Приус” автоунаасын сүзгөн, ал болсо кафенин тосмосун сүзүп алган. “Тойота Приус” унаасын 21 жаштагы кыз башкарып келе жаткан.

Кырсыктан жабыркаган эки айдоочу тең ооруканага жеткирилген.

Унаалар айып жайына токтотулган. Чогултулган материалдар тергөө органдарына өткөрүлүп, тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий