• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте автоунаасына жасалма номер тагып алган айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Бишкекте автоунаасына жасалма номер тагып алган айдоочу кармалды, - деп маалымдайт Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 9-октябрында кайгуул кызматкерлери болжол менен саат 20:20да Жукеева–Пудовкин көчөсү менен Саманчин көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Honda arma үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 1981-жылы туулган Н.А., аттуу айдоочу унаасына жасалма номер тагып жүргөндүгү маалым болгон.

Бул факты боюнча автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, ал эми айдоочусу андан ары чара көрүү үчүн Октябр райондук ИИБнын Тергөө кызматына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий