• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте автоунаасына жасалма номер тагып жүргөн айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.02.21. /Кабар/. Бишкекте автоунаасына жасалма номер тагып жүргөн айдоочу кармалды, - деп билдирет Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 30-январда Бишкек шаардык милициясы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери болжол менен саат 13:45 чамасында Жумабек жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Honda CR-V үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан.

Кызматкерлер унаанын керектүү документтерин текшерген кезде мамлекеттик номери Toyota Highlander үлгүсүндөгү автоунаага таандык экендиги аныкталган.

Бул факты боюнча автоунаа убактылуу токтотуучу короо жайга токтотулуп, 1982-жылы туулган О.Э. аттуу айдоочусу Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий