• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте аз камсыз болгон 60 үй-бүлө акысыз көмүр менен камсыз болду

Коом 0

Бишкек, 03.02.23. /Кабар/. Бишкекте аярлуу жана аз камсыз болгон 60 үй-бүлө акысыз көмүр менен камсыз болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ленин райондук администрациясы “Имарат” кайрымдуулук фондунун жардамы менен иш-чараны жүргүздү. Жалпы жонунан 60 тонна көмүр таратылды.

Район башчысы Русланбек Тагаев жергиликтүү тургундарга көрсөтүлгөн жардам үчүн “Имарат” фондуна ыраазычылык билдирип, кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий