• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте аз камсыз болгон 600 үй-бүлөгө отун таратылды

Коом 0

Бишкек, 13.10.20. /Кабар/. «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы тарабынан Свердлов, Биринчи май, Октябрь жана Ленин районунун аз камсыздалган 600 үй-бүлөсүнө 1 миң 100 м3 отун таратылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

"Ошондой эле социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан көмүр сатып алуу үчүн акчалай төлөмдөр берилип бүттү. Буга шаардык бюджеттен 19,9 миллион сом каралып, 3 миң 469 үй-бүлөгө жана төрт уюмга: Свердлов жана Октябрь райондорунун үй жайсыз адамдардын баш калкалоочу жайына, «Элистан» балдар борборуна жана «Үмүт-Надежда» балдарды калыбына келтирүү борборуна акчалай төлөмдөр берилди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, төлөмдөр почта бөлүмдөрү жана банктар аркылуу жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий