• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр таратылды

Коом 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акимиаты «Нурлуу кайрымдуу кыздар» кайрымдуулук фонду менен биргеликте райондун социалдык жактан аялуу катмарына колдоо көрсөтүүдө.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, фонд тарабынан 19 аз камсыз болгон үй-бүлөгө 10 каптан көмүр бөлүнүп берилди.

Район башчысы Жамалбек Ырсалиев көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Белгилей кетсек, фонд жардамга муктаж үй-бүлөлөргө үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүп келет.

Пикир

Оставить комментарий