• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү аныктоо боюнча мобилдүү топ иштөөдө

Коом 0

Бишкек, 25.01.19. /Кабар/. Бишкекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү аныктоо боюнча мобилдүү топ иш алып барууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Атаган топ балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында Свердлов райондук акимиаты тарабынан түзүлүп, район башчысы төрага болуп дайындалган.

Штабдын максаты - ар жума сайын жашы жете электерди багуу жана тарбиялоодо өз милдеттерин аткарбаган ата-энелерди, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдарды жана оор жашоо шартка кабылган үй-бүлөлөрдөгү балдарды аныктоо.

Жалпысынан короолорду кыдыруу боюнча 5 топ түзүлгөн.

Жыл башынан бери 3 миң 337 үй-бүлө текшерилген. Алардын ичинен оор жашоо турмушка кабылган 71 үй-бүлө жана 201 бала аныкталган.

Бул үй-бүлөлөр менен соцкызматкерлер иш алып барат. Аларга укуктук жана жөлөк пул алууда жана башка документтерди бүтүрүүгө көмөк көрсөтүлөт.

Эске сала кетсек, райондо ишеним телефону иштейт: 530576 - үй-бүлө жана балдарды колдоо борбору, ошондой эле балдардын укугун коргоо боюнча ыкчам байланыш кызматы - 111.

Пикир

Оставить комментарий