• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү митингге чыгышты

Коом 0


Бишкек, 30-май /Ислам Розиев - Кабар/. Бишкекте Ак үйдүн алдында “Кыргызстандагы азиздер жана дүлөйлөр” коомунун мүчөлөрү митинг өткөрүштү.

Акциянын катышуучулары Бишкек шаардык прокуратурасынын жана Каржы полициясынын батирлерди мыйзамсыз бөлүштүрүүсү боюнча кылмыш ишин кайтарууну талап кылышты.

Митингдин катышуучулары белгилешкендей, иш Бишкек шаарындагы “Көк-Жар” конушундагы батирдик үйдөн батир албай калгандардын арызынын негизинде козголгон.

“Кыргызстандагы азиздер жана дүлөйлөр” коомунун төрагасы Марат Ташбаевдин айтымында, батирлер КР Турак жай кодексинин жана алардын коомунун уставынын негизинде бөлүштүрүлгөн. “Батирлерди бөлүштүрүү маселеси эки жылдан ашуун убакыттан бери созулуп келет. Анын чечилишин каалайбыз”, - деди ал.

Сүрөт Роман Гайнановдуку

Пикир

Оставить комментарий