• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте бүгүндөн тарта фонтандар өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 30.09.22. /Кабар/. “Тазалык” муниципалдык ишканасы шаарды көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин улантууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 30-сентябрдан тарта Бишкектеги фонтандарды өчүрүү жана кышка даярдык көрүү пландалууда.

Маалыматка ылайык, фонтандар өчүрүлгөндөн кийин фонтандардын бассейниндеги суу агызылып, тазаланат. Атайын техниканын жардамы менен электр насостору жана саптамалар демонтаждалат. Фонтан комплекстеринин лампалары тазаланат.

Октябрдын аягына чейин фонтандарды кышка толук даярдоо пландалып, ноябрь айында насосторду, электр кыймылдаткычтарын, суу түтүктөрүн, электр панелдерин капиталдык оңдоодон өткөрүү жана тетиктерди алмаштыруу иштери башталат.

Белгилей кетсек, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын балансында жалпы 16 фонтан бар.

Пикир

Оставить комментарий