• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө арналган иш-чаралар өтөт

Коом 0

Бишкек, 20-апрель /Кабар/. 21-23-апрелде Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө арналган иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, КР Билим берүү жана илим министрлиги АКШ эл аралык кызматташуу Агенттиги (USAID) жана АКШнын КРдагы Элчилиги менен биргеликте 2017-жылдын 17-27-апрелинде Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө арналган “Китеп окуган наристе – өнүккөн Кыргызстан!” ураанынын алдында он күндүк өткөрөт”, - деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек шаарында 21-апрелде 09:00дө Курманжан Датка аянтында “Китеп кербени” акциясы өтөт, ал эми 11:00дө Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган салтанаттуу ачылыш өтөт.

22-23-апрелде 14:00дө Таш-Рабат соода-көңүл ачуучу борборунда “Китеп дүйнөсүнө саякат” акциясы өтөт.

Өлкөнүн бардык мектептеринде жана китепканаларында он күндүктүн алкагында 17-27-апрелде “Балдар жазуучуларынын кербени” акциясы өтөт.

Пикир

Оставить комментарий