• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө арналган акция өтөт

Ден соолук 0

Бишкек, 31.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 31-мартта Бишкектеги "Бишкек Парк" соода борборунда Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө арналган акция өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Акциянын максаты – кургак учук көйгөйүнө, коомдун биргелешкен күч-аракети гана анын жайылышын токтото аларына коомчулуктун көңүлүн буруу, кургак учук менен ооруган адамдардын стигмасын жана дискриминациясын азайтуу болуп саналат.

Акциянын катышуучулары кургак учук боюнча бардык суроолорго медициналык адистерден жооп алып, кургак учуктан айыккан адамдардын ооруну кантип жеңгендери тууралуу окуялары менен таанышат. Ошондой эле алар боюн, салмагын жана кан басымын өлчөй алат жана биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөнүшөт.

Мындан тышкары, акциянын жүрүшүндө шайыр флешмобдорго, кызыктуу викториналарга катышып сыйлыктарды алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий