• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк кырсык коркунучун азайтуу күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 06.10.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын райондук администрациялары Бүткүл дүйнөлүк табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу күнүнө карата бир катар иш-чараларды өткөрдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Свердлов районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери билим берүү мекемелеринде жарандык коргонуунун бир катар иш -чараларын жүргүзүштү. Райондун өрт-куткаруу бөлүмдөрүндө да ачык эшик күнү өткөрүлдү.

Ленин районунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкектеги №77 орто мектепте 844 окуучуга жана 40 мугалимге Жарандык коргоо күнүн өткөрүштү. Иш-чаранын алкагында мектептин имаратынан окуучулар жана мугалимдер эвакуацияланып, “Коркунучту жеткирүүнүн сигналдары, калкка жеткирүүнүн тартиби” тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле өрт коопсуздугу боюнча нускама берүү жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ал эми Октябрь акимиатында "Кыргыз Республикасынын калкынын жана аймагынын табигый кырсыктарга дуушар болушуна жалпы сереп, кыскача баа берүү, өзгөчөлүктөр, мүнөздөмөлөр, өрт коопсуздугу" аталышта лекция өткөрүлдү. Катышуучуларга жарандык коргонуу боюнча маалымат буклеттери жана брошюралар таратылды.

Бул күндүн максаты - табигый кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдардын көйгөйлөрүнө калктын көңүлүн бурдуруу, кырсыктардын тобокелдигин азайтуу.

Табигый кырсыктар өлкөнүн жана бүтүндөй аймактын өнүгүүсү үчүн эң чоң тобокелдиктердин жана коркунучтардын бири болуп саналат, ошондуктан калк өзгөчө кырдаалдарга туура жана өз убагында жооп берүүгө даяр болушу керек.

Пикир

Оставить комментарий