• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте баңгизат алып жүргөн шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.02.21. /Кабар/. Бишкекте баңгизат алып жүргөн шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 5-февралда болжол менен саат 06:17 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Элебесов жана Витебский көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз аял жардам сурап жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 24 жаштагы А.Ж. аттуу кыз милиция кызматкерлерине кайрылган. Анда белгисиз жаран арыз ээсинин чөнтөгүнө целофанга оролгон кочкул түстөгү өзгөчө жыты бар нерсени салып койгондугун кабарлаган. Текшерүү учурунда арыз ээсинин чөнтөгүнөн өзгөчө жыты бар салмагы 18,6 грамм болгон кара куурай баңгизаты табылган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, арыз ээсинин чөнтөгүнө кара куурай баңгизатын салып койгон 29 жаштагы А.У. аттуу жаранды кармашып, эки жаранды тең Свердлов райоундук ИИБнин Тергөө кызматынө өткөрүп беришкен.

Бул факты боюнча Свердлов РИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий