• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте баңгизат колдонуп унаа башкарган айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.09.22. /Кабар/. Бишкекте баңгизат колдонуп унаа башкарган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-сентябрда болжол менен саат 21:30да Тунгуч кичирайонунан мурдараак жол кырсыгына кабылып, окуя болгон жерден качып кеткен Honda Civic үлгүсүндөгү унаанын 43 жаштагы А.Т. аттуу айдоочусу кармалган.

Кызматкерлер унааны убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтоткон учурда айдоочунун жанынан 3,85 грамм өсүмдүк баңгизаты табылган. Айдоочу баңгизатты ыргытып качканга аракет кылган. Наркология бөлүмүнөн текшерген учурда айдоочу баңгизатын колдонгондугу аныкталган.

Аталган факты боюнча кармалган жаран тергөө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий