• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте баңгизат менен алектенген лабораториянын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.08.20. /Кабар/. Бишкекте баңгизат менен алектенген лабораториянын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, аталган кызматтын кызматкерлери тарабынан атайын жабдуулган лабораторияда баңги каражаттарын өстүрүү ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча операция ийгиликтүү өткөрүлгөн.

Тинтүү жана атайын тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында ИИМдин БМЖКККнын жана Тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын 1978-жылы туулган Г.И., 1971-жылы туулган Е.В., аттуу жарандар жашаган үйлөрдүн биринде кара жашыл түстүү, кендир өзгөчө жыттанган зат, гидропоникалык ыкма менен өстүрүлгөн каннабис сорттору жана ар кандай сорттогу кара куурай уруктары табылып ,алынды.

Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 273-беренесинде (Баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү) каралган белгилер боюнча катталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо боюнча иштер жүргүзүүлүдө.

Пикир

Оставить комментарий