• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Бишкекте “Баары бир эмес” аттуу акция өтөт

Коом 0

Бишкек, 10-март /Кабар/. 11-мартта саат 10:00дө “Ыйман” фонду Ыйман, адеп жана маданият жылына арналган “Баары бир эмес” аттуу акция өткөрөт. Бул тууралуу “Инсан Медиа” билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, иш-чарага “Ыйман” фондунун төрагасы, жаш активисттер, студенттер, кайдыгер эмес жарандар катышат.

Акциянын жүрүшүндө жарандарга «Мекендешим, ыйык мекенибизге түкүрбөңүз, таштанды ыргытпаңыз!» чакырыгы жазылган баракчалар таратылат.

Ошондой эле, бул тематикага арналган социалдык роликтер көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий