• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте байбичелер арасында сынак өтүп, "Жылдын чоң энесин" аныкталды

Коом 0

Бишкек, 12.02.19 /Кабар/. Бишкекте чоң энелер арасында "Жылдын чоң энеси" аталыштагы алгачкы улуттук сынак өттү.

Beauty company Kyrgyzstan компаниясы кабарлагандай, сынак 2018-жылы старт алып, катышуучулар тандалган. Жыйынтыгы болсо 10-февралда аныкталды.

“Сынакта неберелери бар бардык курактагы байбичелер катышууга мүмкүндүк алышты”, - деп билдирет уюштуруучулар.

Сынактын жыйынтыгында “Жылдын мыкты чоң энеси” болуп Гүлнур Мамбетакунова аталган. Ал эми 1-вице - Раиса Үсөнакунова. Андан кийинки наамдарды Паризат Айтманбетова жана Айгүл Жумакуновалар ээлеген.

Ал эми Кыял Рысбаева “2019-жылдын супер чоң энеси” аталыштагы өзгөчө наамдын ээси болгон.

Демилгечилер билдиргендей, бул сынак эми жыл сайын өткөрүлүп турмакчы.

Пикир

Оставить комментарий