• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте бак-дарактарды электрондук инвентаризациялоо иштери башталды

Коом 0

Бишкек, 17.09.21. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясынын жана “Арча” коомдук фондунун демилгеси менен шаардагы бак-дарактарды электрондук инвентаризациялоо программасы биринчи жолу пайда болду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Инвентаризациялоонун максаты – бак-дарактарды ордуна коюу, жашылдандыруу программаларын иштеп чыгууда эсептөө маалыматтарын колдонуу боюнча ишкананын жумушчу процесстерин автоматташтырууну камсыз кылуучу программа каражаттарынын комплексин иштеп чыгуу жана киргизүү, абалдарынын мониторинги, зарыл учурларда аларды карап багуу боюнча алдын-ала иш-чараларды өткөрүү.

Эмен сейил багында волонтерлордун жардамы менен биринчи жүз эмен багы инвентаризациядан өттү. Волонтерлор менен түшүндүрүү иштерин “Арча” коомдук фондунун координатору жана ишкананын башкы агроному жүргүздү.

Эми шаардын “жашыл жашоочуларынын” өздүк “медициналык карточкасы” пайда болот. Карточкаларга агрономдор жана мастерлер тарабынан бак-дарактардын саны, орду, түрү, сугарылышы жана башка абалы жөнүндө маалымат киргизилип турат.

Бул программанын жардамы менен “Бишкек жашыл чарба” кызматкерлери бак-дарактарды карап багуу, дарылоо үчүн керектүү каражаттарды өз учурунда эсептеп чыга алышат.

Белгилей кетсек, “Арча” коомдук фондунун өкүлдөрү буга чейин жашылдандыруучулар менен аталган программа боюнча окуу сабактарын өтүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий