• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте бак-дарактарды кыш мезгилинде отургузуу уланууда

Коом 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы бак-дарактарды кыш мезгилинде отургузууну улантууда.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда борбор калаанын багбандары Масалиев көчөсүн бойлото арчаларды отургузууда, буга чейин Курманжан датка, Ч.Валиханов, Логвиненко, Орозбеков, Гагарин, ошондой эле Чүй жана Ч.Айтматов көчөлөрүндө кышкы көчөттөрдү отургузуу иштери аяктаган.

Белгилей кетсек, 2022-жылы багбандар эки миңден ашык ийне жалбырактуу дарактарды отургузууну пландоодо. Ийне жалбырактуу дарактар абаны тазалоо процессине жана адамдын организмине оң таасирин тийгизген фитонциддерди бөлүп чыгарат, бул өзгөчө унаалар жана жөө жүргүнчүлөр көп топтолгон жерлерде абдан маанилүү.

Бак-дарактарды кыш мезгилинде отургузуу иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий