• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте бак жол тандабасты басып калды

Кырсык 0


Бишкек, 27.09.18. /Кабар/. Бишкекте Турусбеков көчөсүндө дарак токтоп турган жол тандабасты басып калды. Анын видеосун фейсбуктагы баракчасына күбө Арген Адил уулу жарыялаган.

“Кабар” агенттигине “Жашылдандыруу” ишканасынан билдришкендей, бак авариялык абалда болгон эмес, анын бутактары чирип кеткен. Учурда экспертизалар дайындалып, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биршеликте окуя документтештирилген. Эгерде унаанын ээсинин доосу болсо, компенсация тууралуу чечим сот аркылуу чечилет.

Окуя болгон жерге “Жашылдандыруунун” кызматкерлери барып, жерди дарактын сөңгөктөрүнөн тазалашкан.

Эске салсак, мындай окуя акыркы жолу 24-июнда Бишкектин борборунда болгон. Анда “Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасы көрүнүшү жакшы болгон бактын кулашынын себеби анын тамыр системасынын чирип кетиши экенин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий