• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте бактарга зыян келтирген жана тазалыкты сактабаган жактарга айып салынды

Коом 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Муниципалитеттин санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкерлери шаардын аймагынын санитардык абалын жакшыртуу жана жашылдандыруу боюнча иштерди улантып келет.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, "American School" мектеби жол боюнда өскөн дарактарга зыян келтиргендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн. Инспекторлор иштин чоо жайын билүү үчүн аталган жерге барып, эреже бузуу фактысы тастыктады. Жеринде мектептин ээси Э.Д.Усубакуновага карата КР "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 120 -беренесине ылайык протокол түзүлүп, ага 3 миң сомго айып салынды.

Ал эми "Электросила" компаниясы, "Сити" кафеси жана шаар тургуну Р.Г.Нухаровага таштандыларды туура эмес жерге ыргытып, тазалыкты сактабагандыгы үчүн 70-берене боюнча жеке жактарга - 3 миң сом, юридикалык жактарга - 13 миң сом эсебинде айып тартышат.

Тазалыкты сактабандардын катарын "Чайна Роуд" компаниясы да толуктады. Алар көчөгө өндүрүш калдыктарын ыргытканы үчүн 71-берененин 2-бөлүгү боюнча 23 миң сом айыпка жазаланышты.

Пикир

Оставить комментарий