• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкекте бакты сүзгөн автоунаанын айдоочусу каза тапты – видео

Кырсык 0


Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Бишкек шаарында кечээ, 8-сентябрда саат 23:58дер чамасында 7-апрель көчөсүндө "BMW" унаасы бакты сүзгөн. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 33 жаштагы айдоочу рулду башкара албай калып, жол четиндеги бакты сүзгөн. Кырсыктан айдоочу каза болсо, унаадагы жүргүнчү жабыркаган.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий