• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте бала эмизүүнүн жумалыгына арналган флешмоб өттү

Коом 0

Бишкек, 2-август /Кабар/. Бишкекте дүйнөлүк бала эмизүү жумалыгына арналган флешмоб болуп өткөнүн мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

“Каалаган учурда, каалаган жерде эмчек эмизүүнү колдойбуз” деген аталыштагы флешмоб Ленин районундагы Арча-Бешик жаңы конушунда уюштурулган.

Иш чаранын максаты коомдо бала эмизүүнүн зарылчылыгын, маанилүүлүгүн жана баланын дени сак болуп чоңоюшуна эмчек эмизүүнүн таасири чоң экенин жеткирүү болуп эсептелет.

Анда №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер мекемесинин кызматкерлери, Ленин райондук администрациясы, Арча-Бешик жаңы конушунун тургундары жана башкалар катышты.

Пикир

Оставить комментарий