• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте "Баластан кубогу" таймашынын финалы өтөт

Коом 0

Бишкек, 25.02.20. /Кабар/. Жума, 28-февраль күнү Бишкектеги К.Баялинов атындагы балдар китепканасында (саат 09:00дө) "Баластан кубогу" таймашынын финалы өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, таймаштын тандоо туру 27-январдан 1-февралга чейин Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Баткен облустарында жана Бишкек шаарында болуп өткөн. Ага өлкө боюнча 7 жаштан 12 жашка чейинки 2 миң 200 окуучу катышып, 121 окуучу финалдык баскычка жолдомо алган.

"Таймаштын максаты – балдар арасында кыргыз тилин, балдар адабиятын жана маданиятын жайылтуу. Балдарды, ата-энелерди китеп, журнал окууга тартуу болуп саналат", - деп билдиришти министрликтен.

Жарыштын жеңүүчүлөрүнө ноутбук, велосипед жана букридер сыяктуу байгелер ыйгарылат.

Бул жарыш "Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына" карата Билим берүү жана илим министрлиги "Баластан" интерактив журналы менен биргеликте уюштурууда.

Пикир

Оставить комментарий