• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте балдар арасында асфальтка сүрөт тартуу сынагы өттү

Коом 0

Бишкек, 02.06.23. /Кабар/. Бишкектеги Панфилов атындагы сейил бакта Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда турган 150 баланын арасында асфальтка сүрөт тартуу сынагы өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата өткөрүлүп, балдар түстүү борлордун жардамы менен тажрыйбалуу сүрөтчүлөрдөй асфальтты жомок дүйнөсүнө айландырды.

"Балдар өздөрүн, күндү, гүлдөрдү, үйлөрдү, асан-үсөндү, ал эми кээ бирөө төрт бурчтуктарды тартты. Сүрөттөрдө өзгөчө, жаркын, эң негизгиси мээримдүүлүк чагылдырылды", - деп белгилешти мэриядан.

Мелдештин жыйынтыгында бардык балдарга белектер берилип, аттракциондорго акысыз түшүштү.

Пикир

Оставить комментарий