• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте шахмат боюнча балдар арасында КР Президентинин IV Кубогу өтөт

Спорт 0

Бишкек, 13-март /Кабар/. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин китепканасында 17-26-мартта шахмат боюнча 14 жашка чейинки балдар арасында КР Президентинин IV Кубогу өтөт. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик жаштар, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Шахмат боюнча кыздар жана балдар арасындагы КР Президентинин IV Кубогу Бүткүл дүйнөлүк жана Улуттук шахмат күнүнө арналып, республикада балдар жана өспүрүмдөр арасында шахматты жайылтуу, спорттук чеберчиликтерди жана катышуучулардын деңгээлин жогорулатуу, балдарды руханий, мекенчилдикке тарбиялоо максатында өткөрүлөт.

Мелдештерге Мамлекеттик жаштар, дене тарбия жана спорт агенттиги, КРнын шахмат Федерациясы жалпы жетекчилик кылууда.

Жеңүүчүлөр менен сыйлык ээлери олимпиадалык эмес спорт түрлөрү Дирекциясынын кубоктору, медалдары жана баалуу белектери менен сыйланат. Мелдештерди өткөрүүгө Дирекциянын бюджетинен 147 миң сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий