• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте балдар арасында теннис боюнча мелдеш өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Бишкекте 28-мартта “Нооруз-2023” аталышындагы теннис боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын теннис федерациясынан билдиришти.

Мелдеш 12 жана андан төмөн жаштагы кыз-уландар жана 13-15 жаштагы өспүрүмдөр арасында өттү.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

12 жана андан төмөн жаштагы уландар арасында:
1-орун - Камаль Кульджаев,
2-орун - Калым Казакбаев,
3-орун - Эрбол Абдибаетов.

12 жана андан төмөн жаштагы кыздар арасында:
1-орун - Лейла Турдахунова,
2-орун - Айкөкүл Алимова,
3-орун - Полина Скворцова.

13-15 жаштагы өспүрүм кыздар арасында:
1-орун - Саара Мырзаева,
2-орун - Асема Султанкулова,
3-орун - Назима Машрапова.

13-15 жаштагы өспүрүм балдар арасында:
1-орун - Иван Притула
2-орун - Байнур Абдибаетов
3-орун - Султан Сатыкеев.

Пикир

Оставить комментарий