• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкекте балдар үчүн жаңы жылдык фестиваль өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 05.01.21. /Кабар/. Күн мурун Бишкектеги Раззаковдун мемориалдык үй-музейинде кышкы эс алуу учурунда кичинекей шаардыктар үчүн "Мемориалдык музейлерге саякат" фестивалынын ачылышы болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Конокторго коомдук жана саясий ишмер И.Раззаковдун, СССРдин Эл артисти С.Чуйковдун, СССРдин Эл скульптору О.Мануилованын, СССРдин Эл артисти, киноактер С.Чокморовдун жашоосу жөнүндө экскурсиялар уюштурулду.

Ошондой эле даректүү тасмалар көрсөтүлүп, балдар үчүн моделдөө, сүрөт тартуу жана квиллинг боюнча мастер-класстарды өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, фестиваль бүгүн жана эртең ушул экскурсия жана мастер-класстардын программасы менен өткөрүлөт. Экскурсиялар өз убагында биринин артынан бири өткөрүлүп турат. Бир күндүн ичинде бардык иш-чараларга барууга болот. Саякат маршруту - Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрү менен жагымдуу сейилдөө. Жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн ырааттуу маршрут иштелип чыккан. Фестивалдын программасы жана маршруту жөнүндө кененирээк бул жерден таба аласыздар: https://www.meria.kg/ru/post/21294

4-январдан баштап "Жаштык" жаштар борборунда, "Диалог" маданият үйүндө балдар жана өспүрүмдөр үчүн көңүл ачуучу жана билим берүүчү иш-чаралар өткөрүлүүдө. Программа бул жерде: https://www.meria.kg/ru/post/21301

Бишкек мэриясы санитардык эрежелерди сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий