• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкекте балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын футболдук мелдеши өттү

Спорт 0

Бишкек, 11-апрель /Роман Гайнанов – Кабар/. Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларынын арасында Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган футболдук мелдеш өттү.

Спорттук иш-чаранын уюштуруучулары – КР Кызыл Жарым Ай Улуттук коому жана Кыргызстандын дунгандар Ассоциациясы болуп эсептелет.

Жолдоштук футбол мелдеши “Кароосуз калган балдарды социалдык адаптациялоо жана калыбына келтирүү борборунун” жана “Кароосуз калган балдарды калыбына келтирүү борборунун” жаш спортчуларынын ортосунда өттү.

Иш-чаранын максаты – футбол аркылуу балдарга достук, теңдик жана өз ара сый мамиле жасоо сыяктуу адамдык баалуулуктарды үйрөтүү. Анткени спорт аркылуу балдар өз ара сүйлөшүүгө, ишенүүгө жана толеранттуулукка үйрөнүшөт.

Пикир

Оставить комментарий