• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте балдар иши боюнча комиссия ишин улантууда

Коом 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Бишкекте балдар иши боюнча комиссия ишин улантууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Октябрь районунун акиминин орун басары Айнура Арстамбекованын жетекчилиги алдында балдар иштери боюнча комиссиянын кезектеги отуруму өткөрүлдү.

Отурумга социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, №6 БҮМБнун, БҮМБнун өспүрүмдөр дарыгери, социалдык кызматкерлер катышты.

Катышуучулар «SOS-Балдар айылынын» үй-бүлөнү бекемдөө долбоорунун жашы жете элек өспүрүмдөргө үй-бүлөлөрдү аныктоо боюнча материалдар каралды. Ошондой эле жашы жете элек өспүрүмдөрдү үй-бүлөлөр менен байланыштыруу, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн мүлктөрүнүн сатылышы, балдарды коргоо боюнча жеке пландарды жана үй-бүлөлөр менен жеке иштөө пландарын бекитүү маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында социалдык кызматкерлерге райондун МАБдары менен биргеликте үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу иштерин тынымсыз жүргүзүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий