• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленүүдө

Коом 0

Бишкек, 01.06.18. /Кабар/. Бишкекте бүгүн, 1-июнда балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленүүдө. Бул майрам 1949-жылы бекитилген, ошол кезден бери дүйнө жүзүндөгү балдар бул майрамды чыдамсыздык менен күтүшөт.

Бишкекте бул жылы бүтүндөй шаар боюнча майрамдык аянтчалар орнотулган. Калаа муниципалитети музей, мектеп жана эс алуу жайларында майрамдык иш-чараларды уюштурган.

Салтка айланып калгандай Эмен багында ар кандай мастер-класстар уюштурулуп, эстрада жылдыздарынын коштоосунда концерттик программа уюштурулган.

Ошондой эле калаага аймактардан ар кандай сынак жана мелдештерден утуп алган балдар келишти.

Бул күнү милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту сактоодо.

Пикир

Оставить комментарий