• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата салтанат өттү — сүрөт

Коом 0

Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 1-июнда, Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Бишкекте салтанаттуу иш-чаралар өттү.

Майрам «Наристе» II эл аралык балдардын фольклордук фестивалынын алкагында уюштурулган параддык жүрүш менен башталды. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн келишкен 3 миңден ашык бала катышты.

Андан соң Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда «Наристе» фольклордук фестивалынын салтанаттуу ачылышы болду.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө балдарды бүгүнкү майрамы жана балдардын чыгармачылык жолунда маанилүү кадамы боло турган фестивалдын башталышы менен куттуктады.

Президент комузчулар ансамблинин өнөрүн угуп, көркөм сүрөт жана сүрөт көргөзмөсү менен таанышты, борбор калаанын Эмен багындагы көргөзмө аянтчаларында болду, анда балдардын чыгармачыл жамааттарынын эмгектери коюлган.

Пикир

Оставить комментарий