• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте балдардын бизнес-жармаңкеси болот

Коом 0

Бишкек, 20-февраль /Кабар/. Бишкекте 26-февралда саат 12:00дө «Таш - Рабат» соода борборунда Балдардын жумалык Бизнес Марафонунун алкагында алгачкы бизнес-жармаңке болот деп билдиришти уюштуруучулар.

Маалыматка караганда, бизнес-жармаңкенин максаты – Кыргызстандагы 3-16 жаштардагы балдардын ишкерлик потенциалын өнүктүрүү жана балдардын өндүрүш секторунда кызматташуу үчүн өнөктөштөрдү жана инвесторлорду тартуу болуп саналат.

Жармаңкеге 40 бизнесмен балдар катышат. Аларга өздөрүнүн продукцияларын сатууга жана кызмат көрсөтүүлөрү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

“Жармаңкенин жыйынтыгында бизнесте өздөрүн шыгын көрсөткөндөр тандалып алынып, аларга ишкерлик боюнча лекциялар окулат. Ошондой эле иш-чаранын бардык катышуучуларына сыйлык ыйгарылат жана жармаңкени балдардын шоу-программалары коштойт”,-дешти уюштуруучулар.

Иш-чараны “Жашыл чарба” агрохолдинги, «Social Work on the Silk Road» коому, Социалдык ишкерлер ассациациясы, “Чын дилимден” коомдук фонду, «Dream House», Enactus подряддык компаниялары, MADE графикалык дизайн студиясы уюштурган.

Пикир

Оставить комментарий