• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте “Балдардын оюн кербени” иш-чарасы өттү

Коом 0

Бишкек, 02.07.18. /Кабар/. Октябрь райондук администрациясынын маалыматы боюнча, Асанбай паркында “Балдардын оюн кербенинин” финалдык иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чара балдардын жана ата-энелеринин катышуусунда өткөрүлгөн.

Аталган долбоорду БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), өкмөткө караштуу Жаштар жана спорт агенттиги III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча катчылык менен чогуу уюштурууда.

Иш-чарага дээрлик 500 адам катышты, балдар үчүн ар кандай оюндар уюштурулду. Жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий