• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте балдардын сүрөттөрүнүн эки көргөзмөсү өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Бишкекте балдардын сүрөттөрүнүн эки көргөзмөсү өтүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, №4 Балдар искусство мектебинде (Байтик Баатыр көчөсү, 4а) "Жашоо балдардын көзү менен" аттуу балдардын сүрөт көргөзмөсүн көрүүгө болот. Бардык эмгектер аталган мектептин көркөм сүрөт бөлүмүнүн окуучулары тарабынан сунушталды.

Көргөзмөнү Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева ачып, катышуучуларды майрам менен куттуктап, таланттуу балдар үчүн ата-энелерге ыраазычылыгын билдирип, кичинекей сүрөтчүлөргө чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

Жаш сүрөтчүлөргө Эл сүрөтчүсү Таалай Курманов жана мугалим Светлана Лобова көркөм сүрөт өнөрүн үйрөтүшөт.

Чыгармалардын арасынан живопись, графика, скульптура, моделдөө, токуу, көркөм кол өнөрчүлүк буюмдарын көрө аласыздар. Ошондой эле, гуашь, акварель, картон гравюра, көлөмдүү скульптуралар жана барельеф менен иштешет. Көргөзмөдө: үй-бүлөнүн ачылыш күнү, биздин Кыргызстан, Бишкек жашоо үчүн, Бишкек балдар үчүн темалары сунушталат.

Ошондой эле Семён Чуйковдун үй-музейинде (Чуйков көч., 87а) дагы бир “Балдар дүйнөнү боёшот” аттуу көргөзмө өз ишин баштады.

Бишкек мэриясы жарандарды 1-июндан 10-июнга чейин балдардын укмуштуудай пластилинден жасалган эмгектерин, квиллинг техникаларын, сүрөттөрдү жана башка эмгектерин көрүп кетүүгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий