• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте балдардын укуктарын коргоо боюнча жыйын болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Биринчи май райондук акимчилигинде билим берүү борборунун, бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлеринин, психологдордун жана социалдык кызматкерлердин, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлорунун катышуусунда балдар иштери боюнча комиссиянын пландык жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Комиссия мүчөлөрү жашы жете элек балдарга таандык болгон мүлктүн үлүшүн сатууга уруксат берүү, социалдык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үй-бүлөнү каттоодон чыгаруу, үй-бүлө менен жекече иш жүргүзүү пландары жана баланы коргоо боюнча жеке пландар тууралуу талкуу жүргүзүп, балдар арасындагы укук бузуулар, жалпы билим берүү мекемелерине жайгаштыруу бекитилди.

Психологиялык жардамга муктаж жашы жете элек өспүрүмдөр Саламаттык сактоо министрлигинин Балдарга жардам көрсөтүү борборунун жана Республикалык психиатрия жана наркология борборунун адистерине консультация алуу үчүн жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, балдар иштери боюнча комиссиянын жыйыны жума сайын өткөрүлүп турат.

Эгерде сиз балдарга карата зордук-зомбулукка күбө болсоңуз, балдарды жана үй-бүлөнү колдоо телефонуна кайрылыңыз:

- Биринчи май району: 0(312) 67-03-86;
- Ленин району: 0(312) 88-38-99;
- Свердлов району: 0(312) 53-05-76;
- Октябрь району: 0(312) 51-03-75.

Балдарга жардам борбору: 0(312) 54-29-34, 44-25-10, 44-25-74, (0555) 69-13-12.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин ишеним телефону: 111.

Пикир

Оставить комментарий