• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте “Балдардын жолдогу коопсуздугу үчүн бирге” акциясы өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 16-май /Кабар/. 15-25-майда Билим берүү башкармалыгы “Балдардын укугун коргоочулардын лигасы” коомдук фонду менен биргеликте “Балдардын жолдогу коопсуздугу үчүн бирге” акциясын баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бул акциянын алкагында Бишкектин бардык окуучулары үчүн мектептерге жакын жайгашкан жөө жүрүүчүлөр өтүүчү өтмөктөрдөн өткөрүү уюштурулат.

Акциянын максаты – саны өсүп бара жаткан балдарды сүзүп кетүү фактыларына айдоочулардын көңүлүн бурдуруу, балдардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу болуп саналат.

Учурда №70, 48, 41, 18, 75, 22 мектептерде окуучуларды коштоп өткөрүү ишке ашырылууда.

Ошондой эле, мектептерге жакын адамдар көп жерлерде Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын инспекторлору кезекте турат.

Пикир

Оставить комментарий