• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте балдарга арналган "Обон" музыкалык кароо сынагы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 25.02.20. /Кабар/. Бишкекте биринчи жолу балдар арасында "Обон" музыкалык кароо сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кароо сынак "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо" жылынын алкагында өткөрүлүүдө.

Сынакка 5 жаштан 15 жашка чейинки жаш таланттар катыша алышат. 29-февралда башталган кароо сынактын жыйынтыгы 5-мартта чыгат.

"Сынактар фортепиано, кыл аспаптар, үйлөмө аспаптар жана улуттук аспаптар боюнча өтүп, кенже жана улук группаларга бөлүнүп, 2 тур менен жыйынтыкталат", - деп айтылат билдирүүдө.

Иш-чараны аталган министрлик Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектеби менен чогуу уюштурууда.

Кароо сынактын негизги максаты - кесипкөй балдар музыкалык мектебинин билим берүүсүн өнүктүрүү жана өстүрүү, сактоо, балдардын чыгармачылык изденүүсүн аныктоо жана жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү. Таланттуу жаш музыканттарды өлкөнүн маданий иш-чараларына активдүү катышууга тартуу, көндүрүү, аткаруучулук чеберчилигин жогорулатуу жана сактоо болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий