• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте балдарга ыдык көрсөттү деп айыпталган түрк лицейинин директору кызматтан бошотулду

Коом 0

Бишкек, 22.02.19 /Кабар/. Бишкекте балдарга ыдык көрсөттү деп айыпталган түрк лицейинин директору жана анын орун басарлары кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ордуна убактылуу администрация дайындалды. Түркиядан келген инспекторлор лицейде текшерүү жүргүзөт. Аталган маселе боюнча иликтөө жүрүп жатат.

Эске салсак, 21-февралда Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Ирина Карамушкина Жал кичи районундагы түрк мектебинде окуган балдардын ата-энелери кайрылганын билдирди. Анын айтымында, ал мектеп 20 жылдан бери лицензиясыз иштейт, себеби лицейдин директору Амир Айдын айткандай аларды бирөө "коргоого алган".

"Мугалимдердин баары Түркиянын жарандары болгондуктан алар элчиликке кайрылып, директор эмне кылып жатканын айтуудан коркушкан. Ата-энелер балдардын бири мектепке баруудан коркуп жатканын териштире баштаганда билингендей, бала психологго директор Амир Айдын балдарды иш бөлмөсүнө киргизип, өзүнүн жана алардын шымын чечтиргенин айткан", - деген депутат.

Пикир

Оставить комментарий