• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте балдарын республикалык сууда сүзүү мелдеши өтөт

Спорт 0

Бишкек, 22.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте 22-23-декабрда Асанов атындагы аскер лицейинин бассейнинде “Көңүлдүү старттар” балдардын республикалык сууда сүзүү мелдештери өтөт. Бул тууралуу КРнын спорттун аталган түрү боюнча федерациясы билдирди.

Мелдештерге өлкөнүн жаш атлеттери катышат.

“Дельфин” спорттук мектебинин, Кара-Балта спорт мектебинин, Ош шаардык “Жаштык”, “Радуга” с/к, №69, №68, Family sport жана кМШ клубдарынын спортчулары катыша алышат.

Спортчулар брасс, эркин, далысында, баттерфляем, комплекстүү сүзүү түрлөрү менен сүзүшөт.

Иш-чаранын максаты – суучулдардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу, спорттун бул түрүн жайылтуу, КРда сууда сүзүүнү өнүктүрүү, спорттук жыйынтыктарды жогорулатуу жана курама команданы тандоо.

Пикир

Оставить комментарий