• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте балет артисти Чолпонбек Базарбаев эскерилди

Маданият 0

Бишкек, 04.02.23. /Кабар/. Бишкек хореографиялык окуу жайында СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРдин эл артисти, Ленин комсомолдук сыйлыгынын лауреаты, кыргыз балетинин чолпон жылдызы Чолпонбек Базарбаевди эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага маданият министринин орун басары Союзбек Надырбеков, Чолпонбек Базарбаевдин иниси, эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус, Бишкек хореографиялык окуу жайынын жетекчилиги, окутуучулары, Чолпонбек Базарбаевдин жакындары катышты.

Иш-чарада балет залкарынын кыргыз искусствосуна кошкон салымы, чыгырмачылыгы, басып өткөн жолу тууралуу сөздөр айтылып, аталган окуу жайда билим алып жаткан келечектеги балет өнөрүнүн ээлери өнөрлөрүн тартуулашты.

Иш-чарага катышкан маданият министринин орун басары Союзбек Надырбеков министр Алтынбек Максутовдун куттуктоо сөзүн окуп, "Чолпонбек Базарбаевдин жаркын элеси дайыма биздин жүрөгүбүздө жашай берет, анын калтырып кеткен чыгармачылык мурастары бизге жана жаш муундарыбызга түбөлүк үлгү болуп калаарына ишенебиз”, - деп балет искусствосунун өчпөс жылдызы Чолпонбек Базарбаевдин чыгармачыктагы бай тарыхына токтолду.

“Кыргыз балетин Чолпонбек Базарбаевсиз элестеттүү эч мүмкүн эмес. Кыргыз операсынын атасы – Болот Миңжылкыев болсо, ал эми кыргыз балетинин – атасы Чолпонбек Базарбаев. Өзүнүн талыкпаган эмгеги, таасын таланты менен кыргыз балетин бүтүндөй дүйнө жүзүнө тааныткан Чолпонбек Базарбаевдин зор эмгеги эч качан унутта калбашы керек”, - деп белгиледи Чолпонбек Базарбаевдин иниси Кудайберген Базарбаев.

Эске салсак, Чолпонбек Базарбаев 1949-жылы 4-февралда Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылында жарык дүйнөгө келген. 10 жашында Фрунзедеги музыкалык-хореографиялык окуу жайга тапшырып билим алган.

Эмгек жолун 17 жашка толгондо Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында баштап, ошол эле жылы Москва, Ленинград шаарларына гастролдоп барган. Андан соң бир жыл Москвадагы академиялык хореографиялык окуу жайында кесипкөйлүгүн жогорулатып, борбор калаадагы театрда солист болгон.

Пикир

Оставить комментарий