• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте балмуздак фестивалы өтөт

Коом 0


Бишкек, 23-май /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте 2-июлда “Фламинго” паркында балмуздак фестивалы өтөт.

Уюштуруучулардын айтымында, бул фестиваль үчүнчү жолу өтүүдө. Буга чейин аны июндун башында өткөрүп келишкен.

“Быйыл орозого байланыштуу күнүн жылдырышты. Бул иш чара бүткүл дүйнөлүк балмуздак күнүнө арналган”, - деп билдиришти уюштуруучулар.

Уюштуруучулар майрам цирктин артисттеринин, бий топторунун, балдар шоусунун, шайыр-шамдагайлар клубдарынын мүчөлөрүнүн жана кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда көңүлдүү маданий программага бай болорун убада кылышууда.

Пикир

Оставить комментарий