• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте банк ишинин туруктуулугун, ишенимдүүлүгүн жакшыртуу маселелери талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Бишкек шаарында 24-майда коомдук талкууга сунушталган «Банктар жана банк иши жөнүндө» КР мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирет.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары – Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөлөрү, Улуттук банктын жетекчилиги жана кызматкерлери, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесинин (коммерциялык банктар, Төлөм системасынын операторлорунун ассоциациясы, Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы) өкүлдөрү катышты.

Тегерек столдун катышуучулары менен саламдашып жатып, Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев мыйзам долбоору коомдук талкуудан өткөндүгүн, анын алкагында сын-пикирлер жана сунуштар банк коомчулугунун өкүлдөрүнөн да түшкөнүн белгиледи. Мыйзам долбоору «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамдын колдонуудагы редакциясына салыштырмалуу олуттуу өзгөрбөгөндүгү белгиленди. Көзөмөлгө алынган уюмдардын ишин жөнгө салууга тийиштүү негизги жоболор жана ченемдер сакталган.

Тегерек столдун катышуучулары мыйзам долбоорун талкуулап, банк ишинин туруктуулугун, ишенимдүүлүгүн жана андан ары өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн аны жакшыртуу маселелери боюнча ой бөлүшүштү.

Жогорку Кеӊештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Д. Төлөнов банк коомчулугунун өкүлдөрүнө кайрылып жатып, депутаттар кароого алынып жаткан банк секторунун мыйзам долбооруyна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарын кароого жана талкуулоого даяр экендигин белгиледи.

Тегерек столду жыйынтыктап жатып, Улуттук банктын төрагасы мыйзам долбоору боюнча Улуттук банкка жөнөтүлгөн бардык сунуштар кылдаттык менен каралып чыгып, талдоого алынарын, келечекте бул мыйзам долбоору бүтүндөй банк секторун жана ар бир банктын өнүгүүсү үчүн ишенимдүү мыйзамдык негиз болуп калаарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий