• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте бардык кызматтар көрсөтүлгөн бирдиктүү Калкты тейлөө борбору ачылат – Каттоо кызматынын төрагасы

Коом 0

Бишкек, 19.06.20. /Кабар/. Бишкекте сентябрь айына чейин бардык кызматтар көрсөтүлгөн бирдиктүү Калкты тейлөө борбору ачылат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев билдирди.

Анын айтымында, ал борбордо бир эле Каттоо кызматынын эмес башка, мисалы салык органдарынын кызматтары көрсөтүлөт.

“Ал жерде бир гана Мамлекеттик каттоо кызматынын эмес, башка органдардын кызматкерлери отурат же алардын онлайн сервистери болсо, аларды кошуп бир мекеме кылып ачабыз. Жарандар ал жакка келип бир жерден Соцфонд болобу, Салык кызматы болобу же башка органдардын кызматтарын ала алышат”, - деди ал.

Ал андан тышкары жыл аягына чейин өлкө аймагында дагы 7 Калкты тейлөө борбору ачыларын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий