• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте башаламан соодага каршы күрөшүү маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 17.03.23./Кабар/. Биринчи май акимчилигинде Бишкектин борборундагы башаламан соодага каршы күрөшүү боюнча жыйын өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйында Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов социалдык маселелер боюнча бөлүмү, райондук ички иштер бөлүмү, Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы, "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы, №12, 13 МАБдын өкүлдөру биргелешкен иш алгоритмин талкуулашты.

Жыйындын жүрүшүндө буга чейин көчөдө соода кылууга тыюу салуу боюнча эскертүүлөр таратылып, соодагерлерге да түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү айтылды.

Эскерте кетсек, акимдин буйругу менен 2023-жылдын 15-мартынан тарта Биринчи май районунда күч өлчөгүчтөргө, балмуздак жана алкоголсуз суусундуктарды саткан муздаткычтарга, балдардын электромобилдерине жана белгиленбеген жерлерде иштеген велосипеддердин ар кандай түрлөрүнө тыюу киргизилген.

.

Пикир

Оставить комментарий