• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте башаламан унаа токтотуучу жайлар алынды

Коом 0

Бишкек, 29.03.23./Кабар/. Бишкекте башаламан унаа токтотуучу жайлар алынды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишине жалпы узундугу 170 метр болгон бордюрлар орнотулду. Ошондой эле Чүй проспектисинин боюнда, "Рубин" зергер дүкөнүнүн маңдайында 20 метрди түзгөн бордюр орнотулду.

Буга чейин бул аймактарда башаламан унаа токтотуучу жай болгондуктан, унаа тыгыны пайда болуп келген.

Белгилей кетсек, бошотулган муниципалдык аймакка газон же жандуу тосмо отургузуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий