• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте башка бирөөлөрдүн жерлерин сатып жүргөн 60 жаштагы адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.06.19. /Кабар/. Бишкекте башка бирөөлөрдүн жерлерин 8 миң долларга чейин сатып жүргөн 60 жаштагы шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунда алдамчылыкка шектелип бир адам кармалган.

Укук-коргоо органдарына Кылычбек аттуу жаранга карата чара көрүү өтүнүчү менен бир нече жарандар кайрылган. Ал адам Военно-Антоновка айылында курулуш үчүн документтерин жасап берем деген убада менен башка жарандардын айыл-чарба жерлерин 3,5ден 8 миң долларга чейинки акчага сатып жиберген. Кийин ар кандай шылтоо менен каражаттарды кайтарбай жүргөн. Кармалган адам 2014-жылдан бери аталган кылмыштарды жасап келген.

Тергөө иштеринин жыйынтыгында аталган кылмышка шектүү делип 60 жаштагы Ж.К., аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалып, Сокулук райондук милиция бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ага карата “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталган. Учурда жарандын башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө.

Бул адамдан жабыркагандар болсо, анда төмөнкү телефон номерлери боюнча байланыша алышат: 0(312) 60 75 67; 0(312) 43 01 27 жана 43 88 85

Пикир

Оставить комментарий