• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте башка бирөөнүн унаасын сатып жиберген жаран кармалды

Коом 0

Бишкек, 03.08.18. /Кабар/. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, июлда ички иштер органдарына жаран Н. аттуу адамга карата чара көрүүсүн суранып арыз жазган. Июнь айында аталган жаран алдамчылык жолу менен “Тойота Эстима” үлгүсүндөгү унааны алып, 3-жакка 4 миң 400 долларга сатып жиберген. Андан соң акчаны алып, качып кеткен.

Чогулган материалдардын негизинде Октябрь РИИБнин тергөө кызматы “Алдамчылык” беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ыкчам-издөө иштерин жүргүзүү учурунда аталган кылмышка шектелип1994-жылы төрөлгөн Э.Н. аттуу жаран кармалган.

Сот шектүү жаранга карата тергөө изоляторуна 2 айга камоо чарасын көргөн. Учурда тергөө иши жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий